Бишкекте унаа жолдорун көзөмөлдөөчү түзүм ачылары айтылды

Бишкектин мэриясынын структурасында унаа жолдору башкармалыгын түзүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда жыйынтыктоочу жыйында борбор калаа башчысы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, учурда жолдордун сапатына байланыштуу маселе шаардын эң көйгөйлүү маселелеринин бири болууда. “Мындан улам бул маселени көзөмөлдөгөн түзүмгө муктаж болуп жатабыз. Ал түзүлгөн соң, Бишкектеги көчө кесилиштери жана жолдор жакшыртылат”,- деди мэр.

Мындан тышкары шаар башчысы метро жана транспорттун башка түрлөрү тууралуу пикирин айтты. “Бул суроо боюнча бизде узак мөөнөттө ишке ашчу долбоорлор бар. Бишкекте монорельс жолун куруу боюнча долбоор менен малайзиялык адистерди тааныштырганбыз”,- деп кошумчалады Кулматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан