Өлкөдөгү театрлардын репертуары жана тармакка инвестиция тартуу маселелери талкууланууда
Бүгүн, 6-февралда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыйындар залында министр Алтынбек Максүтовдун Кыргызстандын райондук, облустук театрларынын жетекчилери менен жолугушуусу өтүп жатат. Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарада негизинен театрлардын репертуары, 2014-жыл ичиндеги гастролдору, киреше жана инвестиция тартуу маселелери талкууланууда.
Театрлар, ансамблдер, оркестрлер гастролго чыгышпайт, шарт жок, акча жок дешет. Жаш эстрада ырчылары барышат,тандап-тандап.
Элдин маданий турмушу экинчи планда калып, СССР чачырагандан кийин ортодо боштук болуп калган.Искусствого жакын адамдардан кылмышкерлер көп чыкпай турганы, кылмыштуулук аз болору айтылып келет,андыктан элдин маданий жашоосуна сөзсүз жакшы көңүл буруу керек.Балким,учурда кылмыштуулуктун өсүп жатышынын бир себеби да ушул болсо керек.
+2
Мэри
2015-02-06 14:00:56
Мурда артисттер мектептердин спортзалдарына, спорттук аянтчаларына, машинанын үстүнө тура калып эле концерт беришчү, шарт жок дебей эле. Жайлоолорго, кыштоолорго чейин барышкан.
Ошондуктан маданият кызматкерлеринин ролу, милдети абдан чоң, коом алдында... Өзгөчө азыр...
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.