19-24-апрель күндөрү Түркиянын Измир-Каршияка шаарында өтө турган эл аралык фестивалга Кыргызстандын “Азия-Нур” элдик бий ансамбли катышат. Бул тууралуу аталган ансамблдин жетекчиси Нурлан Намазбеков SUPER.KG порталына билдирди. Маалым болгондой, Балдар күнүнө арналган фестивалга 15 өлкөнүн өнөрпоздору катышат.
Мындан тышкары “Азия-Нур” ансамбли 4-10-июлга чейин Армениянын Цахкадзор шаарында өткөрүлчү “Армения-2015” сынагына чакырылды.