Бишкектин тургуну өз эрки менен милицияга 120 даана автомат огун тапшырды
Бишкек шаарындагы Ак-Өргөө жаңы
конушунун тургуну, 23 жаштагы Ж.Турусбек аттуу жаран өз эрки менен милицияга 120 даана автомат огун жана
2 жардыруучу зат тапшырды. Бишкек ШИИБинин кызматкеринин айтымында, аталган жаран октор менен жардыруучу затты шаардын Жибек Жолу-Малышева көчөлөрүнүн кесилишинен таап алган. Бул факты тууралуу учурда Биринчи Май РИИБи тарабынан тергөө
амалдары башталганы
маалымдалды.