Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда жаш келин эки баласын бычактап салды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда күч органдарындагы өздүк булактарыбыз билдиришти.
Маалыматка караганда, бычактан жараат алып каза тапкан жаш баланын бири 4 жашта, экинчиси 3 жашта. Окуя болгон жерден ашкана бычагы табылган. Бул кылмышка шектүү катары наристелердин апасы кармалган. Учурда кылмыштын келип чыгуу себептери такталууда.