Бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары Аширбай Жусупов "союлган эшектердин этинде адамга жугуучу оорулардын бар же жок экени аныкталууда" деп билдирди.
“Союлган эшектерде оорулар, анын ичинде адамга жугуучу оорулар бар же жок экендигин аныктатуу үчүн биздин инспекциянын кызматкерлери эшектердин этинен алып, Сокулуктагы атайын лабораторияга тапшырышкан. Жыйынтыгы 2-3 күн аралыгында чыгып калат. Жообун күтүп жатабыз. Мындай текшерүү кокус эшек эттери коомдук тамактануучу жайларга таркап кеткен болсо, элге оору жугуу коркунучу канчалык экендигин билүү үчүн жасалат”,- деди.