Биз социалдык тармакта

NVIDIA’нын жетекчиси Казакстанга ChatGPT’нин өз аналогун түзүүнү сунуштады

NVIDIA компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг Казакстанга казак тилин, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн түшүнө алган жасалма интеллект моделин түзүү идеясын колдоду. Бул тууралуу Хуанг 23-октябрда Астанада Казакстандын жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри Жаслан Мадиев менен жолугушууда билдирген.

Анын айтымында, улуттук жасалма интеллектти өнүктүрүү өлкөнүн коопсуздугу жана чет өлкөлүк технологияларга көз карандылыгын азайтуу үчүн маанилүү.

Мадиевдин айтымында, Казакстан ачык булактуу технологиялардын негизинде жасалма интеллекттин бир нече моделин иштеп чыккан. Ошол эле учурда ал өлкө өзүнүн фундаменталдык моделин нөлдөн баштап түзүүгө качан өтүшү керектиги жана мунун канчалык зарыл экени тууралуу суроо көтөргөн.

Хуанг улуттук жасалма интеллектти түзүү толук негиздүү экенин белгилеп, муну мамлекеттик коопсуздук маселеси катары баалаган. Анын пикиринде, жасалма интеллект ар бир жаранга, компанияга жана мамлекетке түздөн-түз таасир этет.

Ошондой эле NVIDIA жетекчиси улуттук маалыматтарды жаратылыш ресурстарына салыштырган. Ал мамлекет өз калкы, тили жана маданияты тууралуу маалыматтарды башкаруу укугун өзү сактап калышы керектигин айткан.

Мындан тышкары, Хуанг келечекте ар бир өлкөдө калкка, бизнеске жана мамлекеттик мекемелерге кызмат көрсөтө турган өзүнүн жасалма интеллект инфраструктурасы пайда болорун белгилеген. Анын баамында, мындай система маанилүүлүгү жагынан электр энергиясы, интернет жана телекоммуникация тармактарына теңелиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан