Биз социалдык тармакта

Тибеттеги жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 76га жетти

Кытайдын Тибет автономдуу районунда болгон күчтүү жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 76га жетти. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 22-октябрдын кечинде Тибетте күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кытайдын сейсмологиялык борбору жер титирөөнүн очогу Нагчу шаардык округуна караштуу Бачен уездинде болгонун маалымдаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан 16 адам каза болуп, 76 адам жаракат алган. Буга чейин жабыркагандардын саны 65 экени кабарланган.

Ошондой эле жер титирөөдөн 330дан ашык үй урап же зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн аймакка 5 миңден ашык адам жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан