Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиев жана анын жанындагылар шектелүүдө

Алманбет Анапияевдин өлүмүнө үч адам шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында болгон Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берген.

Абилазизов көрсөтмөсүндө 2-3 ай Алманбет Анапияев менен бирге жашаганын айтып, Анапияев Минск шаарына барганда Айбек аттуу адам 3-4 жолу келип кеткенин билдирген. Андан сырткары Анапияевге 17-февралда Айбек менен кошо толугунан келген, жашы 50лөр чамасындагы, көз айнек тагынган жана башка улуттагы эки адам келген. Алар келгенде Анапияев анын сыртка чыгып туруусун, конокторду өзү тосуп алып жөн гана сүйлөшүп отурарын айткан.  

Алардын чыгуусун таң атканча үйдүн короосунда күткөн Абилазизов: “Айбек түн ичинде бир нече ирет сыртка чыгып, кайра кирип жатты, аны менен кошо келген башка улуттагы адам экөө таң атарда ак материалга бир нерсени ороп чыгып машинага салышты. Кайра кирип кетишип, көз айнекчен киши менен бир сааттан ашык убакыттан кийин чыгып, эшикти кулпулап коюшту. Бир нерсе болгон окшойт деп чочулап, жашынып турган жеримден карасам, ары-бери басышып, акырында эки унааны айдап алышып эки тарапка кетишти. Анан үйгө кирдим. Негизи, Алманбет байке өзү отурган бөлмөнүн эшигин дайыма жаап койчу, мен киргенде бөлмөсүнүн эшиги ачык, свети өчүрүлүү экен. Ашканага кирсем, баары ордунда турат, Алманбет байкенин китеп окуган ордун карасам ал жер деле жок, экинчи кабатка чыксам да жок. Үйдүн ичи таптаза, кан болгон жерди көргөн жокмун. Анан коркуп, "булар мени да бир нерсе кылып кетишет" деп кийимдеримди жыйнап алып, Алманбет байке айлык катары берген миң доллардай акчамды алып такси менен Москвага жөнөдүм. Ал 300 долларга жеткирди. 2 күндөй жаткандан кийин кыргыз өлкөсүндөгү досума телефон чалсам, “Тирүүсүңбү? Сенин сүрөтүң интернетте жүрөт” деди. Анан мен Алманбет Анапияевдин өлүмүнө жок жерден күнөөлүү болуп калбайын деп Бишкекке келдим”,- деди. Көрсөтмө берүүдө ал окуя болгон күнү Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөттү. 

Айта кетсек, 18-февраль күнү Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияев өлтүрүлгөн. Ал бир канча берене боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 

Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиев жана анын жанындагылар шектелүүдө
Анапияевдин жанында жүргөн жигиттин көрсөтмөсү - 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (75)
al79mi
2015-02-26 08:10:44
Бул жерде Бакиевдер учун жанын берууго даярлар кобойуп кетиптир го?!
0
saulet2009
2015-02-26 08:35:28
Жылына жаз алдында бир нерсе болот бул адатка айланып баратат,былтыр Келдибековту бошоткула деп алайлыктар жол тосушту эле. Быйыл эми ХХХ ХХХ ХХХ. Карапайым элди бири бирине кайрап койуп карап отургандар куйдурдуго.Бакиевтер ге келсек анын куноосун мойнуна эч ким койо элек койсо ошого карап корот элек.Аларга курук доомат болуп жатат,Акаевти деле куноосу жок эле кууп чыктык элего унутуп калдынарбы.Чондордун акчасы коптордун колунда ойунчук болбой элдин озунун пикирлери болу
0
admin_portal
2015-02-26 09:42:57
saulet2009 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Aizat9393
2015-02-26 08:36:38
кечинде Гулжигит Абилазизовдун берген корсотмосун угуп жаман кыжырым кайнады жок дегенде кичине окшотуп айтпаптырда бул иште азыркы бийликтин да колу бар деп ойлоп жатам,а Гулжигит жаштык кылып коюптур эгер Гулжигит айткан адамдар келип олтуруп кеткен болсо ошол Гулжигитти да тынч койбойт болчу.себеби аларда изин жашырыш керекда анан дагы бир нерсесине айран калтам ал баланын алган айлыгы 15000сом экен анан эки айда топтогон акчасы 1000$дан ашыкча болуп калыптыр бул эмнеси???
+3
chalkan
2015-02-26 08:43:20
Бакиев хан деп колдогондор-жырткыч кылбаган зөөкүрдү колодогондор. М.Садыркулов, Р.Санатбаев, Акматбаевдер ж.б. чыгаандардын кандай өлтүрүлгөндөрүн элестетсин. Элестете албаса өлбөй эле кыйноосуна туш болуп колдоп жүрө беришсин.
+1
aidartegin
2015-02-26 08:52:38
82 азаматты аткан ....Ушул окуяны аткара албай калыптырбы...Эмнегедир сагына тушкон окшойсунар....анын заманында кыргызстандын ичинде чон тоболдорду атып кетуу фактыс коп катталган...
-1
teo
2015-02-26 09:18:39
aidartegin, 82бала батыр эмес азаматта эмес эмне кыргызды коргоп олуптурбу ХХХ ХХХ ХХХ... Бакиевти личноо мен колдойм
+2
vbrb
2015-02-26 09:31:14
teo, накта ХХХ экенсин, 82 бала ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-02-26 09:45:07
vbrb - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
+1
admin_portal
2015-02-26 09:43:48
teo - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
aidartegin
2015-02-26 13:19:26
teoЭми сени тушунсо болот... Кыскасы аман бол...
+1
Mrbektur
2015-02-28 11:12:21
бакиев экооно дагы ушундай олум 82 баатыр алар сага окшогон шакал эмес
+1
lale82
2015-02-26 09:05:54
акматбаевдерге куловдун тиешеси бар,байаманга оштун карасуу базарынын мурунку хозяиндери кунун алды. жон эле бакиев дей бергенге деле ишене бербейличи.бакиевдер бул кылмыштарга коз жумуп койду.анкени бакиевдерге кучтуу соперниктер болчуда. батукаевтен,бугунку бийликте кызыктар адамдар болушу мумкун.алдыда шайлоо...
+3
Bema74
2015-02-26 09:21:06
Ой замандар, бул болбогон соз, ушундай кримавторитеттин жансакчысы мындай стукачтыкка барбайт. Бул жон гана шоу. Ал эми азыркы бийлик тоболдору Бакиевдерден айланса болот. Бакиевдердин элге каралоо максатында эмнелерди гана айтышпай жатат.Кудай озу жазасын берсин.
+2
InsanKg
2015-02-26 10:48:15
Озу кылмыштуу топтун мучосу болсо, анан коркпой эле озу келип сурак берип. Анан эшикке чыгып тур деп, бир аздан кийин анын козунчо олукту которуп чыгышып машинеге салып кетишкен жери кызык экен. чындап эле ошондой болгондо, кылмыштын изин жашырыш учун ошол жерден бул жигиттин козун дароо эле тазаламак. Бул жагы жоо жомокко окшоп калыптыр
+1
InsanKg
2015-02-26 10:54:21
Алманбет жанына буга окшошгон суу журок, ээсин олтуруп, анын машиненин багажнигине салып кеткичекти карап турган жигитти эч убакта жанына алып журбойт. Жанында жалгыз жургондон кийин 3-4 адамга кучу тете болгон, мыкты даярдыктагы жигит болуш керек эле. Мунун артын карабай кача турган адамга окшош го. Муну бироолор эле таап келип ушинтип айтасын деп уйротуп койгондой
0
Nakinai
2015-02-26 11:21:17
Мен да "уйротуп койгон" дегендерге кошулам. мени корбой калышты десе саал окшошмок да, анан учурашып откондон кийин буну унутуп калышы мумкун эмес. Алар мындай иштерди жасашса тап таза жасамак. Бироо кагазга жазып жаттаткандай, чындап корсо, коргоого алса бул жерде козун тазалабасын деп суракка камера менен алып жатканда бетин тосмок жанын ойлосо.
+2
Shaa-82
2015-02-26 11:33:41
бул баланы шалпайтып кочодон эле кармап келип сурашканго. кантип эле Алманбет ушуга окшогон адамды жан сакчы кылсын кебетесин карасанар тообо. кантип олтуруп которуп чыгып кеткенче бир кабар албайт акыры олтуруп атканда жон эле туруп бербесе керек кыйкырыш керекго. аны ушул шумшук уктатып койгон анан тигилерге салып берген алар дальше алпарып токойдо сойгонго
0
bakyt_2015
2015-02-26 12:52:30
Эл шайлаган президентин жерден алып корго, кордон алып жерге чапкан,криминалды эл уулу,зообуз-тообуз деген,элин кырып,ырыскысын жула качкан, ырыстуу пансионат, ресторан, лыжный база,заправка, телефон толомдорунон бери тартып алган Бакиевтердин канкор,зоокур уй булосун атасындай мактаган, биздин эл оном-осом дегени жомок эле экен. Жок дегенде адамча ой жугуртконду уйронсок бизге азыр ошол эле чоон плюс болгудай. Темадан чыктымбы-чыкпадымбы ушул ком-ди чыгарып койгу
0
B.roza
2015-02-26 12:59:19
Озунчо эле жоо жомок суйлойт го бул бала.Бул баланын суйлогонуно жинди киши эле ишенбесе.Бул жерде коп сыр жатат....Тиги олтургон кишилер бул баланы жон эле таштап коюшуптур да.....
0
bakyt_2015
2015-02-26 13:37:54
Кыргыз учун зарыл нерселер, кыргыз тилин онуктуролу,шаар тазалыгын карайлы, кыргызды талкалап жаткан арак,наркотик маселеси боюнча тема болсо эмнеге ушундай талаш-тартыш болуп, эки-экиден кырылышып талкууга албайбыз. Же бизге бирин-бири кырып олтурушкон тема пайдалуураак корунобу.
0
baba.
2015-02-26 18:17:19
Бул бала бирге жургон болсо баарын билет.Эгер ошол туну аны олтурушкон болсо кандай эле бул тируу калды.просто маша жана аюунун мултьфилмине окшоп калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан