"Катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жаштагы баланын атасына козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди.
"Сабалып, зордукталган баланын атасына ата-энелик милдетти аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Учурда ал Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн. Жакынкы убакыт аралыгында баланы сабап, зордуктоого шектелгендерге карата козголгон кылмыш иши да сотко жөнөтүлөт. Негизи, иликтөө иштери февраль айынын соңунда аяктамак, бирок учурда акыркы экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал бүтөрү менен материалдар сотко өтөт",- деди Н.Нусупова.
Эске салсак, 2 жаштагы баланын атасы 26-январь күнү ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Кийин ал зордукталганы аныкталган болчу. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран, кийинчерээк анын аялы да кармалган.