Чүй облусунун Москва районунда эки жаш баланын физикалык зордук-зомбулукка кабылганы боюнча атайын топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн аталган райондун Александровка айылынын А.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 3 айлык жана 2,5 жашар баланын өз чоң атасы тарабынан физикалык ур-токмокко кабылганын айткан.
“Балдардын ата-энеси Орусияда. Алар чоң атасынын карамагында калышкан. Балдардын таенеси бизге кайрылып, ур-токмоктун айынан улуу жээн небереси сүйлөй албай, кичүү жээн небереси каза тапканын айтты. Бул боюнча ал күч органдарына бир нече жолу кайрылган. Бирок алар тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес”,- деди Аманбаев.