Шашылыш билдирүү! 7-8-мартта өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

7-8-мартта күндүз Чүй, Талаc, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидрометтен" билдиришти. 
"2015-жылдын 5-мартынан 9-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат, Миң-Куш - Арал унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан