Бүгүн, 5-мартта “Ата Мекен” партиясынын Өзгөн райондук уюму 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү. Райондук уюмдун өкүлдөрү билдиришкендей, райондун социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, коомдук иштерге активдүү катышкан аялдарга белектер берилди. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов айымдарды бул майрамы менен куттуктап, сый тамак уюштурду.