“Түндүк электр” ишканасы 2015-жылы Бишкектеги 40 чакырымга жакын эскирген кабелдик тармактарын алмаштырууну пландоодо

Бүгүн, 5-мартта Бишкекте Кудрук көчөсүнөн (Профессор Зима, Исанов көчөлөрү менен кесилишет) Тоголок Молдо көчөсүнө чейин 6 кВ эски кабелдик чубалгыны алмаштыруу иши жүрүп жатат. “Түндүк электр” ишканасынын адистери мурда өздөрү камдаган траншеяга (казылып даярдалган жер) өткөрүмдүүлүгү 240 мм² кабелдик чубалгыны тартуу менен алек. 

Аталган ишканадан кабарлашкандай, бул чубалгы 40 жыл мурун тартылгандыктан, мурун эле иштен чыккан. Анын өткөрүмдүүлүгү 150 мм² болгондуктан, ал заманбап жүктөмгө туруштук бере албайт. Кабель алмаштырылып жаткан “Центральная-1” жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунан №34-трансформаторуна чейинки барчанын узундугу 800 метрге жакын аралыкты түзөт. “Түндүк электр” 2015-жылы өз эсебинен борбор калаабыздагы 40 чакырымга жакын эскирген кабелдик тармактарын алмаштырууну пландоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан