Жогорку окуу жайларынын мыйзамсыз аракеттерин атайын комиссия текшерип чыкты
Өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы мыйзамсыз аракеттерди атайын комиссия текшерип чыкты. Бул тууралуу 6-мартта SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, республика боюнча жалпы 20 университеттин абитуриенттерди кабыл алуудагы ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Анын ичинен 17 университет мамлекеттик болсо, үчөө жеке менчик окуу жайлар. Маалыматка таянсак, комиссиянын курамына министрликтин өкүлдөрүнөн тышкары министрликтердин коомдук кеңештеринин жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Мыйзамсыз фактыларды иликтөө демилгеси Башкы прокуратуранын токтомунун жоболоруна ылайык жана айрым жогорку окуу жайлардагы мыйзам бузууларга байланыштуу демилгеленген.