Бишкекте Биринчи Май райондук администрациясы 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата айымдарга майрамдык маанай тартуулады. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, ага чакырылган 650 айым үчүн майрамдык концерт уюштурулду. Баатыр энелер жана кезинде оорукта иштеген айымдар акчалай сыйлык алышты.