Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жаңы машина-трактордук станция
ачылды. Бул “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын айыл чарбасын көтөрүү
багытындагы программасынын алкагында ишке ашты.
Машина-трактордук станциянын жардамы
менен айыл эли жазгы талаа жумуштарына толук кандуу кирише алат. Бул
станция жер иштеткен элге арзан баада кызмат көрсөтөт.
МТСтин расмий ачылышына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын
төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев катышты. Анда
жолугушууга келген жергиликтүү тургундар айылдагы жерлерде чопо, таш
көп болгондуктан, кичинекей тракторлордун күчү жетпей жаткандыгын
айтышты. Маселени туура түшүнгөн депутат Жалал-Абад облусундагы
станциядан чоң ДТ тракторун айдатып келерин убадалады.
Айта кетсек, бардык
шаймандары менен жеткирилген тракторлор айылдагы Маданият үйүнүн алдына
тизилди. Жергиликтүү тургундар мындай техниканы СССР учурунда
гана көрүшпөсө, жаштар үчүн жаңычылдык болуп жатканын кошумчалашты.
Ушуну менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 12-МТСти ачып, ишке берди.