Борбордогу Октябрь районунда 8-Мартка карата майрамдык иш-чара өттү

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында борбордогу Октябрь райондук администрациясы 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанат өткөрүп, ага 400дөй айым катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Баатыр энелер, жалгыз бой энелер, эмгек ардагерлери, коомдук активисттер катышып, майрамга карата "Таберик", "Ак шоола" чыгармачыл жамааттары таланттарын тартуулашты. Район башчысынын орун басары Таалайбек Акматбаев бардык айымдарды майрамы менен куттуктап өттү. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева жогорку деңгээлдеги салтанат уюштурган райондук администрациянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан