Ош облусунун казысы Кара-Суу районундагы мечиттин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 9-мартта Ош облусунун мусулмандар казысы Ниязали ажы Арипов Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы мечиттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти. 

Мечиттин имамы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, мечиттин базасында аялдар үчүн атайын окуу борборуна пландаштырылган класстык окуу залдарынын бүткөрүлүп калгандыгын жеринен тааныштырды. Мындан сырткары жаңы заманбап даараткана да бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында тургандыгын билдирди.

Андан соң Ош облусунун казысы мечиттин кызматкерлер жамааты менен жолугушуп, жергиликтүү тургундарга терс көрүнүштөрдүн алдын алуу иштеринде исламдын баалуулуктарын туура түшүндүрүүнү буйруду. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи тарабынан 2015-жылдын 6-мартынан баштап 15-апрелге чейин кыргыз жеринде диний кызматкерлерге ишембилик күнү деп жарыялангандыгын белгилеп, “тазалык - ыймандын жарымы” деген осуяттын негизинде жергиликтүү диний мекемелердин айланасында такай ишембиликтер өткөрүлүүсүн милдеттендирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан