Эртең, 10-мартта Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады. Белгилүү болгондой, борбор калаада саат 09:00дөн 17:00гө чейин Исанов, Ташкент көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп, электр жарыгына чектөө киргизилет. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө, Бер-Булак, Ленин, Кайырма айылдарында жарык өчөт.