Эртең, 10-мартта Ош шаардык кеңешинин жыйындар залында Жогорку Кеңештин депутаттары ВИЧ/СПИД оорусун жуктуруп алган жаш балдардын абалын талкуулашат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында аталган вируска кабылган балдарга жардам көрсөтүү боюнча КРнын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө ЖКнын токтомунун аткарылышы каралат. Ага Жогорку Кеңештин айымдар клубунун өкүлдөрү Дамира Иманалиева, Элмира Эшалиева, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, саламаттыкты сактоо министри катышат.