Америка менен Европа Орусияга каршы санкцияларды мындан ары да улантууга ниеттенишүүдө

АКШ менен Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды дагы улантуу ниетин ырасташты. Мындай билдирүүнү аталган биримдиктин кеңешинин төрагасы Дональд Туск АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушууда жасады. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Б.Обама Украинанын чыгыш тарабындагы атышууну токтотуу боюнча макулдашууну иш жүзүнө ашырыш үчүн Европа менен АКШ биргеликте иштеши керектигин айтты. "Трансатлантикалык союз учурда буга чейин болбогондой күчтүү. Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга каршы коюлган экономикалык санкциялар боюнча АКШ менен Европа бир пикирде",- деди Обама.
Тусктун айтымында, Орусия украиналык каатчылыкка байланыштуу "батышты экиге бөлүүгө" аракет жасап жатат. АКШ менен Евробиримдик, эгер Украинадагы кырдаал курчуп кетсе, аталган санкцияларды күчөтмөкчү. 
Айта кетсек, Евробиримдик, АКШ жана бир нече батыш өлкөлөрү Орусия Крымды өз курамына кошкондон кийин Орусияга каршы санкцияларды киргизе башташкан. Өткөн жылдын ичинде санкциялар бир канча жолу кеңейтилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан