Кыргыз мигранттар тууралуу тартылган “Мекендештер” аттуу тасманын бет ачары болот
Бүгүн, 13-февралда Бишкекте Түштүк Кореядагы мигранттар тууралуу тартылган “Мекендештер”
аттуу тасманын бет ачары болот. “Тасманын маңызы - башка өлкөдө жүргөн
мекендештердин жерине болгон кусалыгы, жан дүйнөсүнүн кыйналуусу, чыныгы патриоттуулук
сыяктуу сезимдерди камытаган”,- дейт авторлор. Айта кетсек, тасмада образ
жараткандар тажрыйбалуу актёрлор эмес,
кыргыз мекендештерибиз өздөрү ойношкон. Ошентсе да бул тасма 2012-жылдын
22-декабрында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн кинофестивалда
тартууланып, мактоого арзыган.