“Начар иштеген мугалимдерге айлык аз берилет”,- деп билдирди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 10-мартта журналисттерге берген маалымат жыйынында. Министрдин айтымында, бул мугалимдердин статусун көтөрүү үчүн жаңы программа. “Жалпы мугалимдердин айлыгы жана статусу сентябрь айында көтөрүлөт. Бул боюнча атайын программа иштелип чыккан. Бул үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар, Каржы министрлиги менен бирге иштешип жатабыз. Ал эми жакшы сабак берген мугалимдерге кошумча каражат каралат”,- деди Сариева.