Былтыр Бишкек шаары боюнча 14,4 миң чарчы метр жол оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-март күнү 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып Бишкек шаарынын мэри Кубаныбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, аталган иш-чараларга бардыгы болуп 25,5 миллион сом сарпталган. Алардын 5,4 миллиону асфальттагы тешиктерди бүтөөгө жумшалган.
“Шаардык бюджеттин каражаттарына Токтогул атындагы көчө, Гоголь көчөсүнөн тарта Исанов көчөсүнө чейин жана К.Акиевден Жаш гвардияга чейинки жолдор оңдолду. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүндө толук оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү.
Ал эми быйыл 105 көчөнү оңдойбуз деп турабыз”,- дейт Кулматов.