Бишкектин айрым жерлеринде 10-15-март күндөрү газга чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер алдындагы газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Сүйүнбаев, Бөкөнбаев, Абдрахманов жана Огонбаев көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы абоненттердин түшүнөрүнө ишенип, келтирилген ыңгайсыздык үчүн алардан кечирим сурайт",- деп айтылат маалыматта.