Ош. Окуучулар арасында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Жоокер ыры” сынагы өтүүдө

Бүгүн, 10-март күнү шаардагы Панфилов атындагы мектепте Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын арасында “Жоокер ыры” сынагы башталды. Сынактын негизги максаты окуучуларды эл-жерин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялап, мекенди даңазалаган ырларды үйрөтүү болуп саналат.  

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, “Жоокер ыры” сынагы окутуу тили боюнча айырмаланган мектептер үчүн өз-өзүнчө өткөрүлүп, жеңүүчү аталган 2 окуучу 25-мартта Бишкекте өтө турган республикалык сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Сынак бүгүн окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн өтсө, 11-март күнү окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн, ал эми 12-мартта окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептин окуучулары үчүн өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан