Эшектердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 14 миңге азайган

Эшектердин саны 2013-жылы 77 миң болсо, 2014-жылы алардын саны 14 миңге азайып, 63 миңди түзүп калган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында Айыл чарба статистика башкармалыгынын башчысы Гүлзейнеп Мурсабекова билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин республиканын аймагында малдын жана үй канаттууларынын бир жолку каттоосу жүргүзүлгөн. “Каттоонун маалыматтары боюнча, айыл чарба жандыктарынын (чочкодон тышкары) негизги түрлөрүнүн санынын өсүү тенденциясы сакталууда. Ири мүйүздүү малдын эң көп үлүшү Ош (жалпы сандын 23,4 пайызы), Жалал-Абад (20,2 пайыз) жана Чүй (18,2 пайыз) облустарынын, кой жана эчкилер Жалал-Абад (20,9 пайыз), Ош (19,0 пайыз) жана Нарын (17,0 пайыз) облустарынын, жылкылар Нарын (23,3 пайыз), Ысык-Көл (21,3 пайыз) жана Ош (20,8 пайыз) облустарынын чарбаларына туура келди”,- деди Мурсабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
al79mi
2015-03-11 14:22:51
Эшекенди кызыл китепке киргизип коргоого албасак эшек тукумун соолтуп жаткан турбайбызбы катыгун..........
+4
qursy
2015-03-11 14:40:10
ХХХ ХХХ ХХХ...,
Же болбосо БИШКЕКти БЭШЕК деп койбойлубу.
+2
admin_portal
2015-03-11 14:58:39
qursy - эскертүү!
Провокация жарата турган, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
danyshman
2015-03-11 18:11:29
qursy, Кулкумду келтиресин да,ха ха хп хи хо...
0
Mirlan5
2015-03-11 18:52:55
qursy, Бишкеке андай атты койбойлубу дегидей сен кимсин? Же эмне сага Бишкектиктер ар бир уйдо эшек сойуп жеп жатыптырбы? Элди алдап эшек жедиргендерди кандай айтсан жарашат бешек дейсинби же эшек дейсинби, бирок Борборго андай атты койгонго сенин да атандын да акысы жок.
+2
zhykyo
2015-03-11 14:48:50
Мунун устундо кандай эшек турат болду экен
0
asiana
2015-03-11 15:29:22
Жакында эшиктин баасы кымбатап,эшек багуу ото пайдалуу бизнеске айланса тан калбайбыз.
0
tynara1983
2015-03-11 15:34:04
Акаев менен Бакиевди жаман деп кубаладык еле еми АША эшектин етин жегизсе деле унчукпай олтуруп калдыко ? ? ?
+1
vbrb
2015-03-11 16:30:28
tynara1983, эшек этин жегизид деп, эшек революциясын жаза
+1
Tariell
2015-03-11 16:02:10
Ошо айттым эле чуйжактан ангыраган ундор угулуп калды деп. Корсо эшек жеп калган экенда.
+6
chalkan
2015-03-11 16:45:26
Бифштекс, котлет деп бир койдун этин жеген чабандай 14000 эшекти жөн эле жеп коюппузда. Ошондуктан мээбиз иштебей калыптырда: бийликте, кызматта, экономикада ж.б...
+2
Aramisa
2015-03-11 17:02:50
Азаматсынар, 605 эшектин санын тактай албай жатып. Жалпы эшектин санын тактап. xD Бар эле болгула бийлик.
+2
nurik2103
2015-03-11 17:55:12
анча ешек сойулуптур мынча ешек сойууптур деп санап еле жатышат, деги ошол сойгондор не болду кылмыш иши козголдубу кай жакта журушот кандай чаралар корултат дыымм еле болуп калыштыго
+2
Bakulya79
2015-03-11 19:10:09
Андай эшектер акча менен кутулуп кетет.дагы деле эшектик кылып иш жазай берет.
0
kalbek87
2015-03-11 19:48:19
эшектин эти кайда кеткенин аныктоо керекю
0
make2
2015-03-11 20:17:22
камалды кармалды деген жаңылык жок, крышасы күчтүү болсо керек, же баарынын оозуна тыгып койдубу?
+1
Tariell
2015-03-12 00:28:15
make2, Атамбайга жакынырактын бизнеси окшойт,чагым.
0
samsung_1840
2015-03-12 09:15:18
Айрыкча Аламедин базарынан эт алгандар жешти кобунчо ал жерде арзан сатчу дайыма
0
Nursultan.m.n
2015-03-12 09:31:32
самсы саткандар кобойду эле,эшек жанжалы чыккандан бери алар жоголуштугоо
0
lale82
2015-03-12 09:42:13
кырк чорону камабай ушул эшек сойгон эшектерди камагыла.бизде мыйзам тескери иштейт.эшек сойсон эркиндикте журосун,сойгонуну коруп айтып чыксан камап коёт.тообо тообо не деген демократиясы бул я?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан