Ата-энелер: “Балдарыбыз “Себатта” эшек этин жешкен эмес, депутат Жылдызкан Жолдошова билип-билбей эле айтып жатат"

“Балдарыбыз “Себатта” эшектин этин жешкен эмес, биз текшерип турабыз. Буга окшогон ушактарды билип-билбей туруп депутат Жылдызкан Жолдошова айтууда”. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында “Айчүрөк” лицейинде кызын окуткан Асылкан Шайназарова билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрү аталган окуу жай жөнүндө ар кайсы жерден угуп, аны жыйындарга талкууга алып чыгып жатышат.

“Жылдызкан Жолдошова өзү “Себатка” бир да басып келген эмес. Эч нерсе көрбөй туруп кантип каршы чыкса болот, айткылачы? Мисалы, биз ичинен көрүп турабыз, балдарыбыз окуп жатат. Кайсы ата-эне өзүнүн баласына акча төлөп жамандык кааласын? Бул акылга сыйбай турган нерсе. Керек болсо аталган лицейлерде мен билгенден эле депутат Төрөбаевдин, Абдрахмановдун, Текебаевдин балдары окушат. 

Анан кээ бир маалымат каражаттарында "Себатта" эшектин эти берилип жатыптыр" деген кеп чыгып кеткен. Бул чындыкка жатпайт. Ал жерде балдар жеген тамакты мугалимдер, биз да күн алыс барып текшерип жеп турабыз. Айта кетсем, биздин балдар кээ бир мектеп окуучуларына караганда сонун тамактанышат.

Кааласаңыздар ата-энелер комитети журналисттерге пресс-тур уюштуруп, баарын ичинен көрсөтүп бере алат”,- дейт Шайназарова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
guzatkubaanvar
2015-03-11 14:55:49
Туура да ' билбей эле очоюп отуруп алып оттой береби.
+3
asiana
2015-03-11 15:22:22
Эшек этин жээсе жебесе ага эмне пайда?депутат эжебиз озу кафелерден эшек эти аралашкан самса жеп алса керек,тактабай туруп эле айтканына караганда.
-3
fora
2015-03-11 15:33:26
Ким билет мумкун эшектин эти да бардыр эшек этинин даамын билбесен жей бересинда туура ойунда
+9
myshka406
2015-03-11 16:08:52
Ж.Жолдошова фактысы жок суйлобойм деп айтчу эле
0
turdumamatova
2015-03-11 16:15:43
Мумкун жеп атышкандыр аны текшергенге бизде мумкунчулук жок да кудай билет
+2
bokochooo
2015-03-11 16:19:45
ай ким билет ким билет.
Эшек этин жегенин эч ким билбейт
дагы бир куну айтарбыз
ал жон эле ичеги эти эле дееп
ошол повар Манас айылынан
Эшек этин саткан ошол айылдан ))) девелечи
0
mir_0110
2015-03-11 16:44:26
эмне ешектен башка жан.к жокпу
0
vbrb
2015-03-11 17:12:41
Жылдызкан жолдошова, дегеле тынч жашоону каалабайт окшойт, качан болсо эле бир чырды баштап атканын угасын да
0
perichte
2015-03-11 17:57:08
Баары тынчып калышты,Юруслан аке тынчытып койду окшойт...ооздорун эшектин чучугу менен майлап.
0
Sadyrov_n93
2015-03-11 22:15:09
Кана ошо Жолдошеванын кайсы фактысы аныкталды,а Себатта эшек эти берилбесе керек деп ойлойм мен да.
0
nazi0807
2015-03-12 08:18:40
Кун алыс барып текшерип жеп турабыз-дейт да .

0
Tao
2015-03-12 12:25:35
Ай эшектин эти деген кийиктин этиндей эле даамдуу, классно болот. Кыкемдер аны мусулманчылыктын таасиринен эле жебей калышкан. Чочко,эшек арам деп. Кээ бир акылы жоктор жылкынын этин да жебейт экен орсок уй саап. Эшектин этин жеп атасынбы, крокодилдин этин жеп атасынбы шорпо кылып бышырып апкелсе аны суротун кошуп апкелип жатыптырбы. Ох ата сонун экен деп коюп эле иче бересин да. Главное ошол касапчыдан же повардан этинер адалбы деп сураш керек. Арам болсо алдаганы учун куноо ошого жазылат.
0
Nazulya
2015-03-12 13:44:03
Ушу Жолдошева жон эле данкылдап суйлой берет.Факт менен суйлош керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан