Өлкөдө зордук-зомбулукка учурагандардын 90 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта “Үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөр менен кандайча күрөшүү керек?” аттуу тема боюнча тегерек стол учурунда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башкы адиси Айганыш Азисова билдирди. Анын айтымында, үй-бүлөдө зордук-зомбулук 2013-жылга салыштырмалуу былтыр 30 пайызга көбөйгөн.
“Адамдар деградация болуп кетишти. Зомбулукка кабылган үй-бүлөлөрдүн көбүн ичкич же ички жана тышкы миграцияга кеткендер түзөт. Коомдо көбүнчө балдар, аялдар жана карылар жабыркап жатышат. Биздин жарандар чет жакка иштегени бара жатканда расмий бир органдарга айтып кетишсе жакшы болмок. Анткени балдары көзөмөл астында болот”,- дейт Азисова.