Кыйноолор боюнча түшкөн арыздардын 92 пайызына кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12-март күнү акыйкатчынын 2014-жылдын жыйынтыктарын чыгарган тегерек столдо белгилүү болду.
“2012-жылдын 10 айында 371 кыйноого байланыштуу кайрылуулар келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2011-жылга караганда 2,5 эсе көбөйгөн. Ошол эле учурда арыздардын 92 пайызы боюнча кылмыш иши козголгон эмес. 2013-жылы күч органдары тарабынан алгачкы тергөө учурунда кыйноо боюнча арыздардын динамикасы 10 айда 208ге жеткен. Бирок алардын 11и боюнча гана кылмыш иши козголгон. Арыздардын түшүүсү боюнча ушундай эле көрүнүш быйыл да уланууда”,- дейт акыйкатчы Бактыбек Аманбаев баяндамасында.