Шаардык таштанды таштоочу жайдан Биринчи Май райондук милицияга 90 селсаяк алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таштанды таштоочу жайдагы селсаяктардын ичинен 47 адамга административдик протоколдор түзүлгөн. Соттун чечими менен 43 селсаяк кабыл алынып, бөлүштүрүүчү жайга 1 суткадан 4 суткага чейин жайгаштырылган. Ал эми калгандары айып пул төлөгөндөн кийин коё берилди. 7 селсаякка медициналык жардам көрсөтүлүп, анын бири сифилис, экөө өнөкөт сарык менен ооруганы аныкталды.
Ошондой эле таштанды таштоочу жайдан аймактык мектептердин биринин 4 окуучусу кармалган. Учурда аларды милицияга каттоо маселеси каралууда.