Акыйкатчы: "Бишкектеги жаңы конуштардын абалы начар"

Учурда Бишкектин жаңы конуштарында 250 миңден 600 миңге чейин адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Анын айтымында, жумушсуздуктун, ички миграциянын өскөнүнө байланыштуу айылдан келген жарандарыбыз борбордун тегерек-четиндеги бош турган жерлерге отурукташып калышкан. 

Азыр 48 жаңы коңуш бар. Ал жердеги абал өтө кыйын. Алсак, Ак-Жар конушунда 2168 үй бар, аларда 14 миңге жакын адам жашайт. Бул жерде бир да медициналык пункт жок, өзгөчө төрөт алдындагы аялдарга кыйын. Ошондой эле мектеп жок. Ал эми Арча-Бешик, Ак-Ордо жаңы конуштарында өзгөчө таза суу маселеси курч бойдон турат. Биздин жарандар сууну сатып алышат. Буга кошумча Ала-Тоо жаңы конушу сибирь жарасы менен өлгөн малдар көмүлгөн жердин жанында жайгашкан. Аталган конуштарга мектеп, медпункт куруу керек”,- дейт акыйкатчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bakyt_2015
2015-03-12 18:19:56
Сойкукана ачканча бир жаны конушка мед пункт ачып берип койсо канча элдин сообуна калат эле. Ал жок,бул жок деп суйунчулобой.Эл билет жок экенин сага айттырбай эле.Депутаты деле,министри деле,эми акыйкатчысы ал жасалбаган,бул жасалбаган эле дешет оозу менен. Аларды ким жасашы керек анда Атамбаевби же элби.Оозу менен орок оруп,элдин ырыскысын жыра талашкандан башка колунан эч нерсе келбеген ушулардай жетекчилердин кимге кереги бар тушунбойсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан