Ош облусунун аймагында акыркы эки жыл аралыгында 66 бала бакча курулуп, ишке берилди

Ош облусунун аймагында эки жыл аралыгында 66 бала бакча курулган. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди. 
"2013-жылга чейин облус аймагында 197 бала бакча бар болчу. Учурда алардын саны 263кө жетти. Акыркы эки жыл аралыгында жаңы курулуп, ишке берилген бала бакчалардын саны 66ны түзүүдө. Бүгүнкү күндө башка колго өтүп кеткен бала бакчалардын саны облус боюнча 51ге жетет, алардын ичинен 3 бала бакча кайра кайтарылып берилген, ал эми жетөө соттук териштирүүдө каралып жатат. Андан сырткары убагында менчиктештирилип жана сатылып кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу иштери улантылууда",- деди С.Жээнбеков.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-03-13 14:13:13
Курулганы жакшы экен, бирок сапатына да көңүл бөлсөңөр, иштеп жатабыз деген түр көрсөтүү же отчет үчүн эмес, ал жерде балдар бар болорун эстесеңер. Нарында бир мектеп урай баштаптыр го, салынганына бир жыл боло электе, ошон үчүн сапат биринчи орунда болуш керек да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан