Бишкекте шаардык башкы имамдардын айлык маянасын бекитүү, өлкөдөгү мечиттерди каттоого алуу маселелери каралууда

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынын жыйындар залында облустук казылардын 2014-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.

Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, жыйында 2015-жылга карата жылдык иш планды бекитүү, Коргоо кеңешинин чечимдеринин негизинде башкармалыктын жана казыяттын кызматкерлерин, имамдарды аттестациялоого кѳрүлүп жаткан даярдыктар, өлкө аймагындагы мечиттерди каттоодон ѳткѳрүү боюнча, облустук жана шаардык казыяттардын штаттык түзүмүн бекитүү, казыят аппаратынын кызматкерлеринин жумуш тартиби, 16-17-апрелдеги эл аралык симпозиумга даярдык жана шаардык башкы имам-жума намазын өткөрүүчү дин кызматкерлеринин айлык маянасын бекитүү жаатындагы бир топ маселелер каралууда.

Боло турган жыйында ар бир облустун казысы муфтий Максатбек ажы Токтомушевге ѳткѳн жылы аткарылган иштери туурасында маалыматтарын берип, ѳздѳрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырууда.

Эскерте кетсек, өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарынын координаторлору, муфтийдин орун басарлары Эратов Равшан ажы жана Ракиев Замир кары буга чейин ар бир облуста болушуп, казыяттардын ишмердүүлүктѳрү, аткарып жаткан иш-чаралары боюнча таанышып чыгышкан. Бүгүн казылардын маалыматтары угулган соӊ алардын иштерине тиешелүү баалар коюлмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ajar.
2015-03-14 12:15:37
Ислам дини бизге арабдар аркылуу келген да,ээ, анан арабдардын иретсиз сакал коюп, узун кылып өстүрүп алышканын байкай элекмин, койсо ошолор коюшат эле го... Мен байкагандан алардыкы кыркылган, тегиз эле коюлган сакал.Биздикилер сакал койбой эле койсо болот эле, же тегиздеп кыркып алышса жок дегенде...Кыргыздар атасынын көзү тирүүсүндө сакал койгон эмес,биз кыргызбыз да,селделерин деле чечип,калпак кийишсе жакшы болмок...
+1
Nursultaan
2015-03-14 14:16:56
Ajar., Бул созун менен арабтар эмне кылса ошону кылаалы дейсинби , сакалды пайгамбарыбыз (С.А.В) койгон , эчкимди ээрчибей , эчкимди туурабай , пайгамбарыбыз (С.А.В) корсоткон жол менен журолу
0
banda-312
2015-03-14 12:17:14
Сакал койгон суннот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан