Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза тапкан милиция кызматкерлеринин сөөгү бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынан Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген Тойчубек уулу Тилекмат, Сүйүнтбек Бакчиев, Азамат Жунушалиев, Шүкүрбек Турдалиев каза тапкан.
Айта кетсек, кырсык 14-март күнү Каракол-Бөкөнбаев унаа жолунда болгон. Анда Тойота Виндом унаасынын дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четиндеги кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 4 милиция кызматкери жана айдоочу каза тапкан.