Ак-Жол айылында союлган эшектерди саноо боюнча элдик комиссия түзүлгөн. Алар катуу тоңдурулгандыгына байланыштуу саноо бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта
SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси
Рахат Садырбекова билдирди.
"Буга чейин союлган эшектер саналууда деген маалыматтар коомчулукка тараган болчу. Биздин кызматка "силер санабай жатасыңар, эмдигиче саналып бүтмөк" деген сыяктуу көп сын-пикирлер да айтылды. Эшектердин этин саноо үчүн жергиликтүү тургундардан турган элдик комиссия да түзүлгөн. Алар келип эшек этин саноого бир күн катышышты. Эттер муздаткычта катуу тоңдурулгандыгына байланыштуу аларды саноо татаал процесске айланууда. Оңой сезилгени менен, аларды муздаткычтан чыгаруу да кыйын болуп жатат. Элдик комиссиянын мүчөлөрү этти лом темирдин жардамы менен бирден чыгарып, 40 эшектин этин гана санай алышты",- деди Р.Садырбекова.
Белгилүү болгондой, учурда союлган эшектердин эттерин саноо иштери улантылууда. Жакынкы убакыт аралыгында алар толугу менен саналып бүтмөкчү.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылында эшек бизнеси менен алектенген “Кайтал” ишканасы жалпысынан 605 эшек союлуп, алардын эттери муздаткычта сакталып турганын билдиришкен эле. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция саноо иштерин 6-мартта баштаган.