Кыргыз фермерлери Индияда өткөрүлгөн айыл чарба жарманкесине катышышты

Кыргыз фермерлери биринчи жолу Индиянын Дели шаарында соода-сатыкты жакшыртууга багытталган “AAHAR-2015” аталышындагы айыл чарба жарманкесине катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жарманке ири жана кичи ишкерлерге, ишканаларга өзүнүн товарларын көрсөтүүгө шарт түзүп берди. Ага катышуу үчүн өлкөнүн Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында бал, дары чөп, төө буурчак өстүргөн ар түрдүү ишканалардын өкүлдөрү барышкан. 

Жалпысынан иш-чарага Япония, Түркия, Польша, АКШ, Канада жана башка 20дан ашуун мамлекеттин товар өндүрүүчүлөрү келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан