Депутат Жумабек Салымбеков опера жана балет театрындагы банкетке катышканын моюнга алды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн банкетке катышканын ырастады. Депутат социалдык баракчасы аркылуу буларды билдирди:
"Ооба, мен чын эле Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы аталган иш-чарада болгом. Мени ал жакка туулган күнгө чакырышты, кадимки маданияттуу адам катары бардым. Театрга эмне үчүн барышат? Опера жана балет театрында көбүнчө маданий иш-чаралар, өнөр тартуулоо, концерттер өтөт. Кечээ да ошондой иш-чара өттү, андан кийин туулган күн ээси тарабынан дасторкон даярдалды. Коноктор үчүн, жеке мен үчүн да бул нерсе күтүүсүз болду. Туулган күн ээсин куттуктадым да кеттим. 
Негизинен бул ар кимдин жеке иши, өзүнүн иш-чарасын адам каалагандай өткөрөт. Азыркы учурда көпчүлүк маданий жайлардын залдары цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй сыяктуу эле ижарага берилет. Бул жерде менин кандай кылмыш кылганым таптакыр түшүнүксүз. Чакырышты, бардым. Уюштуруучусу мен эмесмин, муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Бул иш-чараны уюштурууга таптакыр тиешем жок".
Жумабеков бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов барбаганын кошумчалады. 
Эскерте кетсек, 23-мартта аталган театрдын сахнасында майрамдык банкет уюштурулуп, муну коомчулук кызуу талкууга алууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан