Кечээ, 23-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында өткөн майрамдык банкет коомчулукта чоң талкуу жаратты
Бул боюнча КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги: "Майрамдык кече бардык этикалык, нравалык нормаларга каршы
келип, уюштуруучулардын да, катышуучулардын да өтө төмөн деңгээлин айгинелейт. Учурда министрлик тарабынан иштин чоо-жайы
аныкталууда. Мунун жыйынтыгы менен театр жетекчилигине карата эң оор чаралар көрүлөт",- деп билдирди.
Маалым болгондой, баш калаадагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чоң сахнасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана ишкерлер өздүк майрамын белгилөө максатында банкет уюштурушкан. Банкеттеги дасторкондо 20га жакын адам болгон. Аларды атайын тейлөө персоналы тейлеп жаткан.
Аталган театрдын кызматкерлери бул көрүнүштү көрүп дендароо болушканын билдиришкен. Ошондой эле белгилүү опера бийчилери, ырчылар өнөрлөрүн көргөзгөн сахнада адамдардын ичип-жеп отурганы акылга сыйбаган иш экенин белгилешкен.
SUPER.KG порталына бүгүн, 24-мартта аталган театрдын жетекчисинин орун басары Ишенбек Мамбетов төмөнкүлөрдү айтты: "Мага бир жигит келип театрда сүрөткө түшүп, ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында уруксат сураган. Биз жакында спектакль коёрубузду айтып, ошого жардам берүүлөрүн сураганбыз. Алар макул болушкан. Директор дагы, мен да банкет уюштурганга уруксат берген эмеспиз. Сүрөткө түшкөнгө эле уруксат берилген. Аларга макулдугубузду берсек, аша чаап кетишти. Азыр ушул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес, биринчи жолу болуп кетти".
Банкетке катышкан Бишкек шаардык кеңешинин депутатты Жумабек Салымбеков интернеттеги өздүк баракчасына: "Чындыгында, опера жана балет театрындагы кечеде болгом. Мени ал жакка туулган күнгө чакырышкан эле. Театрда концерт, маданий иш-чаралар өтөт эмеспи. Ал жерде да концерттик көрүнүш болду. Кийин туулган күн ээси тарабынан даярдалган столго чакырышты. Бул бардык коноктор үчүн да, мен үчүн да күтүүсүз болду. Мен туулган күн ээсин куттуктап, кетип калдым. Негизи, өздүк майрамын кантип өткөргүсү келсе, ал адамдын өзүнүн иши",- деп билдирүү калтырган.
Айрым маалымат булактары аталган театрдагы банкеттин ээси Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөнов экенин жазып чыгышты.