"Партиялык
тизмеде 120-болуп турса дагы, аймактан добуш алса, депутат боло
алат". Мындай билдирүүнү КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс”
партиясынын төрагасы
Бакыт Төрөбаев Нарын облусунун Кочкор районундагы
Талаа-Булак айылдык округунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Депутаттын айтымында, партиялык тизме менен катар аймактык принцип дагы
иштеши зарыл. Учурда дал ушул демилге Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору
катары сунушталып, колдоо тапкан. Бирок бир гана фракция макулдугун
берген жок.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын мүчөлөрүнүн Кочкор районуна болгон сапарынын алкагында аталган райондун Дөң-Алыш айылында суу маселеси чечилди. Бул тууралуу кененирээк төмөнкү видеоматериалдан тааныша аласыздар.