Бүгүн, 2-апрелде парламент жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чуу боюнча мекеменин мурунку жетекчисин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.
Анын айтымында, өкмөт театрдын жетекчисин кызматтан алуу менен чектелбеши керек. "Эгер аталган мекеменин башчысы билип туруп театрдын сахнасында банкет өткөрүүгө уруксат берсе, анда ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган болот. Эгер банкет тууралуу билбеген болсо, анда жетекчинин шалаакылыгы. Эгер кызматтан алуу менен чектеле берсек, бейбаштык токтобойт",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, быйыл 23-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында майрамдык банкет уюштурулган. Бул окуядан улам театрдын директору Тимур Саламатов кызматтан алынган.