Спорттун массалык түрүн өнүктүрүүнү колго алган “Өнүгүү-Прогресс” партиясы өлкөнүн бардык аймагында жөө жарыштарды уюштуруп келүүдө. Мындай иш-чара бул ирет Бишкек шаарында да уюштурулду.
Борбор калаадагы Ататүрк атындагы эс алуу багында бүгүн, 13-апрелде жаш өзгөчөлүгүнө карабай жөө жарыш болуп өттү. Анда таң эрте таза абада чуркоону адат кылган шаардыктардын салтын колдоп, ар бир жөө күлүккө партиянын эн белгиси түшүрүлгөн футболка жана таттуу белектер тапшырылды. Ал эми марага биринчи келгендер дипломдор менен сыйланышты. Иш-чаранын катышуучулары саамалыкты белгилеп, сүрөткө түшүштү.