Бүгүн Бишкекте митингге чыккандар соттун чечимине баш ийбегендиктен райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келиништи. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен Ак үйдүн алдына алган насыяларын төлөй албай калган 15ке жакын аял чогулган. Алардын 12си Биринчи Май райондук сотунун чечимин аткарбагандыктан райондук ички иштер бөлүмүнө жеркирилген. Соттун 14-апрелдеги чечимине ылайык, 15-апрелден 18-апрелге чейин Ак үйдүн алдында митинг өткөзүүгө чектөө киргизилген.
Чогулгандарга милиция кызматкерлери тарабынан митингди башка жакта өткөрүү боюнча эскертүү берилген, бирок алар ага макул болушкан эмес.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Ак үйдүн алдында чогулган 15ке жакын аялды милиция күч колдонуп автобуска салып кеткен эле.