Казакстандын Моюнкум районундагы Алматы-Екатеринбург унаа жолунда болгон жол кырсыгында жаракат алгандардын дагы бири, 1992-жылы туулган кыргыз жараны Эрлан Арыскулов каза болду. Бул тууралуу 19-апрелде SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Маалыматка таянсак, Арыскулов оор жаракатынан улам Караганды облусунун Приозёрск шаарындагы ооруканадан каза болгон.
Кырсык болгон жерден каза тапкандар:
1) Оринбаев Аббас, 2008-жылы төрөлгөн:
2) Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы төрөлгөн:
3) Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы төрөлгөн:
4) Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы төрөлгөн:
5) Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы төрөлгөн;
6) Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974 -жылы төрөлгөн.
Караганды облусуна караштуу Приозёрск шаарындагы ооруканага жеткирилгендер:
1) Токторбаев Темирлан, 1971-жылы төрөлгөн;
2) Сайкоев Максатбек, 1985 -жылы төрөлгөн;
3) Сейитбеков Тайырбек, 1971 -жылы төрөлгөн;
4) Дарбешов Рустамбек, туулган жылы белгисиз;
5) Майрамбек Самат, 1993-жылы төрөлгөн.