Казакстандагы жол кырсыгынан 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган

Казакстандагы жол кырсыгынан 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда болгон. Анда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенц Спринтер унаасындагы 15 адам каза болуп, 4 адам оор жаракат алган. Каза болгондор Балхаш шаарындагы өлүк сактоочу жайга, ал эми жабыркагандар Приозёрск жана Балхаш шаардык ооруканаларына жеткирилген. Каза болгондор жана жаракат алгандар Кыргыз Республикасынын жарандары.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын тизмеси:

1.Оринбаев Аббас, 2008-жылы туулган;

2.Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы туулган;

3.Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы туулган;

4.Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы туулган;

5.Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы туулган,

6.Арыскулов Эрлан, 1992-жылы туулган, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну;

7.Амираев Махамаджан, 1974-жылы туулган, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну;

8.Сартмамбетов Мукамбет Сейдалиевич, 1982-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылынын тургуну;

9.Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974-жылы туулган;

10.Сайкоев Максатбек, 1985-жылы туулган (ооруканада каза болгон);

11.Журабаев Бахтияр, 1987-жылы тулган, Ош шаарынын жашоочусу;

12.Абдуллаев Жыргалбек, 1983-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Бек-Жар айылынын тургуну.

Каза болгондордун калгандарынын аты-жөнү такталууда.

Жабыркап, ооруканага жеткирилгендердин тизмеси:

1.Майрамбек уулу Самат, 1993-жылы туулган, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну;

2.Сейитбеков Тайырбек, 1971-жылы туулган, жашаган жери тактала элек;

3.Дарбешов Рустамбек, 1993-жылы туулган, Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;

4.Токторбаев Темирлан, 1993-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылынын тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bektur2
2015-04-20 09:37:29
Арты кайрылуу болуп жаткан жетлери жайлуу болсун. Дуйнонун кайсы бурчунда кырсык болбосун ал жерден кыргыздын олуп жатканы окунучту.
+2
kasanova
2015-04-20 09:39:39
Ya Robbim chirki balaketerden saktay kor,jatkan jerleri jailuu bolsun.:'(
+2
Beka90
2015-04-20 09:43:32
Жап жаш адамдарго тобо кылдым. бөдө кырсыктан өзүн сагтагын ээ Кудай
0
marmilantka
2015-04-20 09:57:26
Кырсык каш кабактын ортосунда ошондуктан ар дайым Кудайдан коркуп жакшы иштерди коп кылалы ким айта алат мен мынча жашайм деп бир куну келип келип минтип жан берип калабыз. Ошондуктан ойлон елим ойлон!
0
AFRODITA-89
2015-04-20 09:57:59
аябай кайгулуу окуя болуптур, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун,
0
suiuktuujar
2015-04-20 10:31:25
Жанткан жерлери жайлуу болсун Аллахым озу сактасын мындай кырсыктан.
0
ayildik_kiz
2015-04-20 10:39:15
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Эх , жакшы жашоону издеп кетип бараткан жердештерибиз,олукканада жатып калаарын кайдан билишмек.?Тууган уругуна , жакындарына сабыр берсин!
+2
bazar
2015-04-20 11:10:22
Ыйманы саламат болсун!
0
bom.bon
2015-04-20 12:59:03
Олум айттырбай келет дегени чын куноолорубузду кечиришин сурап азыртан тообо кылышыбыз керек! Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
uulay
2015-04-20 14:49:29
Ээх ажал айттырбай келет деген чын да.Бир уй-було кете бериптир.Жакындарына сабыр берсин
0
baba.
2015-04-20 15:13:44
Ой окуп жаман болуп кеттим.Баарынын ажалы бир келген турбайбы.Шофердобу...кимде айып.......
0
aikol87
2015-04-20 19:41:31
Иий жаман болгон турбайбы.Тиги Максатбек аяш энемин баласы.Бул жака келе жаткан эле,эненин куйуту жама.Эми кетти Крга.Ооруканада десе умут бар эле жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан