Бишкектин Жал кичи районунда кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековду атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында болгон. Анда эки белгисиз адам үйүнүн кире беришинен Дамир Сапарбековду атып кетишкен. Ошол учурда үй-бүлөсү жанында болгон. Сапарбеков алган жараатынан улам ооруканадан каза тапкан.
Учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, Дамир Сапарбеков 1979-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө “положенец” деген статуска ээ болгон. Анын абактан чыкканына эки ай болгон.