ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте таксист кырсыкка кабылып, жараксыз болуп калган унаасы менен жүргүнчү ташып жүрөт

Бишкекте таксист кырсыкка кабылып, жараксыз болуп калган Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасы менен жүргүнчү ташып жүрөт. Таксист бул унаага кардар салып алып, Бишкектин Чүй жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде баратканын көргөн окурман 8-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Унаанын алдынкы бөлүгү жараксыз болуп калганына карабай таксист унаанын номурун тагып алганын кошумчалады.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Mudur
2015-05-08 14:06:57
Туура, муну МАИчилер не карабай журушот? Бизде баш аламандык орун алды. Ар ким каалаганын кылып журот. Бир куну бул машинеси айдап баратканда тормозу же бир нерсеси иштебей калып бейкуноо бироону сузуп кетсе не болот? жаш баланы мисалы...
-3
Marat-m
2015-05-09 08:55:21
Mudur,
Баш аламандык орун алды дейсинго баш аламандык биз м н чогуу жашаганыга жыйырма жыл болдуго .
0
kalen9001
2015-05-08 14:19:44
Турмушун ешек араба, туулдун калдын баляаага деген ушуда
+1
toshiba
2015-05-08 14:48:26
ондогонго 500 сом жетпей чыга калса тартып алгандыр бир кыйын.озу деле неудобно болуп жургондур машинасын коруп.жыргаганынан антип журбосо керек еле
+2
kerakg
2015-05-08 15:09:14
ремонтко бара жаткан таксини тартып алган го, болбосо такси табличкасын илип алып киши ташыса да эч ким түшпөт буга, гаи деген бар чыгаар таза эле болбой калды десеңер.
+2
bema_bema
2015-05-08 15:10:14
Кардар ташып жургонун каяктан билип коюуптур,телефон утуп алайын деп калпты чынды койгулабай боло турган нерсени жонотсон
+3
Bors
2015-05-08 15:38:43
Бул байкуш таксист машинасын сузуп алып настросу жооок ушул жетпей атты эле дер бараткан жери.
+1
baba.
2015-05-08 17:06:24
ГАИчилер башка крутой чон машиналарды карап бул кичинекей машинаны корбой калышканго чамасы......
-3
bakyt_2015
2015-05-08 18:47:45
А ичиндегиси жургунчу экенин кайдан билдин же башын чыгарып кыйкырдыбы клиентмин деп.
+9
baisal1
2015-05-08 20:23:13
Бул байке озун интернеттен коруп суйунуп калсын дегенго. Ким жуктосода.
+1
Mederina11
2015-05-08 21:59:43
Машинасынын ремонтунам акча иштеп журот да байкуш!
0
Abaika22
2015-05-09 09:41:00
Машинанын акыбалын коруп туруп деле эчким тушпойт го, байкушту ремонтко кетип аткан жеринен тартып алган го)))
0
Tasma2014
2015-05-09 11:44:41
Ар кандай абал болот мумкун чындап такси кылып жургондур турмуш мажбурласа Айла жок да жогоруда айтылгандай чиедей жаш балдар жокту тушунобу НАН деп ыйласа байкуш ата чыкты да уятты жыйыштырып бампери жок машине жараксыз деп айткандарга кошулбаймын и бироонун омуруно да коркнуч жаратпайт бир гана жери машиненин корунушун будет ишине ийгилик эптеп машинесин ондоп алсын
0
ILYAS181296
2015-05-10 01:23:03
Чын бышыгын билип жазчы автор...ушу машинага сага окшогон эле бироо тушпосо,эч ким тушпойт....кырсыка учурап стого баратат да кочо менен учуп бармак беле...
0
sabyr1977
2015-05-10 05:02:25
Жараксыз емес жакшынакай еле.асты сузулуп бампер тушуп капот бир аз кыйшайыптыр.катуу сузулсо журмок беле?боло турган нерсени жазчы автор.жанылыгына жараша сага да экраны сынык телефон белек кылып койуш керек екен.ошондо айтмаксын жакшы телефон экран эле бир аз жарака кеткен а так баары иштейт нормально деп.
0
AFRODITA-89
2015-05-10 14:52:49
жазат десе эле жаза бермей болуп калдыго озу элдик кабарга. Кочоно де болор экен каерди тартып жиберсем дегендер кобоюп аткандыр. Тирилик деп журоттур байкуш же устаканага бараткандыр озунун деле башы баарыбыздай иштесе керек клиент ташып жургонду каалабаса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан