Орусиянын Екатеринбург шаарында
Болсунбек аттуу 5 жашар кыргыз бала апасы үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасын издеп жүргөнү 10-майда
"Элдик кабар" аркылуу жарыяланган. Болсунбектин кыргыз жериндеги туугандарынын бири бүгүн, 12-майда
SUPER.KG порталына байланышып, баланы кыргыз мамлекетине алып келип багып алганы жатышканын билдирди.
Өзүн баланын атасы
Майрамбектин эжесимин деп тааныштырган
Рапия Жаманкулова буларды айтты:
"SUPER.KG порталына чыккан маалыматты көрүп баланы таанып калдык. Баланын атасы Майрамбек Орозов, апасы Гүлмира, Ысык-Көл облусунун Тоң районунан болушат. Акыркы 2 жылдан бери Бишкекте турушкан, кийин эле Орусияга кетип калышыптыр. Эми баланын ата-энеси табылбаса, балдар үйүнө тапшырылып кетерин угуп тынчсызданып жатабыз. Баланын ал жакта башка туугандары жок. Бишкекке алып келүүгө аракет кылабыз".