Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, бирин Өзбекстан тарапка алып кетишти

Бүгүн, 12-майда кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, бирин Өзбекстан тарапка алып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева тастыктады. Анын айтымында, окуя Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Согмент айылында катталган. 
Маалыматка ылайык, үч кыргыз жараны Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаасы менен Өзбекстандын карамагындагы Сох району аркылуу кыргыз мамлекетине мөмө-жемиш алып өтүүгө аракет кылган учурда өзбек чек арачылары аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бир кыргыз жараны каза болуп, бири окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Бир жаран өзбек чек арачыларынын колуна түшүп, аны Өзбекстан тарапка алып өтүп кетишкен. 
Учурда кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда бул маселе тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (75)
misster88
2015-05-13 03:01:22
Качан гана Айбалевди Баткенге губернатор кылып коёт ошондо гана Баткендин бут чек аралары чечилет деп ойлойм
+2
kudiret9413
2015-05-13 03:24:09
Айбалаевди кайрадан алып келүү керек. Ошол гана ХХХ сазайын берген патриот жетекчи эле Бирок ал пенсияга чыкты окшойт.
0
admin_portal
2015-05-13 10:38:58
kudiret9413 - 15 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
Dadasdasd
2015-05-13 05:21:20
Каримов Москва дан катуу капа болуп кайткан да . Ошонун эпкини .
+1
Sara9090
2015-05-13 06:36:43
Оа булардан чек араны бир отолло жаап салыш керек...чон фундамент менен.Ушинтип журуп бир жагынан тажикстанга бир жагынан-озбекстанга алдырып жибербесек болду экен жерлерибизди
0
Adambol
2015-05-13 08:27:23
ОО кудай качан онолобуз! Бийликтегилер онолмойун онолбой калдыкго.Акаев Бакиевдин убагындагы адамдар дагы деле кресло талашып журушот. Нормальный башкаруучу келсе баарын ордуна коет эле.
0
uragan007
2015-05-13 08:46:11
ХХХ ХХХ ХХХ эч пайдасы жок.
0
admin_portal
2015-05-13 10:40:40
uragan007 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
Gulzat86
2015-05-13 10:58:22
Улутчулдук эмес ко бирок ушул озбек аттуулар тажатты да чек ара элемес башка жерде дагы кай жакты караба ушулар
0
iliaz-sng
2015-05-13 12:12:10
Админди кыйнап коюпсунарго. Бул деген биздин бийликтин боштугу жоно ло##угу мен эс тарткандан баштап эле кшу чек ара проблемасы чечилбеди бир ишти качан толук айткарат экен булар.
0
Nazulya
2015-05-13 12:39:42
Кордунорбу озбектер кыргыздарды кандай кылышат? ХХХ ХХХ ХХХ... Тилинерди бурбай, кыргызча суйлогуло да!
0
admin_portal
2015-05-13 13:04:21
Nazulya - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
MoXiTo
2015-05-13 16:38:01
Тынар айткандай аяка өтсөң гилтейгендер пулемот автомат көтөрүп турат биз жака кирсең биздин бала автоматын крантка жөлөп өзү таштын үстүндө семичка чагып жатат жамбаштап дегендей,биздин солдаттар деле чара көрсүн алар кирип чыгып жүрөткө.Акчасын берсе жыртаңдап өткөрө бербей баарын. Кыргыздарды ойду келди кылып атпайбы бир кадам аттаса башка көзгө
+1
MoXiTo
2015-05-13 16:39:27
аткылап.
0
Ayka1994
2015-05-13 17:17:56
Дагын деле чегара маселеси , качан чечилет болду экен чкек ара маселелери
0
aash
2015-05-13 21:37:31
Согмент менен Озбек чек арасынын ортосунда Чарбак айылы бар экен го? Муну кандай тушунсо болот? Озбектер Чарбактан дагы отуп барып Согменттен чыр чыкса, анда биздин мекен сакчылар эмнени карап атышат? Коркоктор!.. Кептин кыскасы, Ысык-Колдун чекарачыларынан улгу алгылачы.
-1
aash
2015-05-13 21:51:58
Баса айта кетчу соз суротунор туура эмес чыгып калыптыр. Коркуп отурган, уктап жаткан, базарда соода кылып аткан же мас чегарачынын суротун койсонор окшошмок.
0
bakyt_2015
2015-05-13 22:37:34
Ушунун баары озубуздун кунообуз да озбегине озбекче,тажигине тажикче суйлойбуз жыртандап,оз тилибиз кайсы тил экенине озубуз тушунбойбуз.Бишкекте калктын 90% орусча чайнап суйломуш болот, ал биздин эси жоктор учун мактаныч башка тилде чалып суйломой.Анан бизди ким сыйлап,ким барктайт озубуз оз тилибизди сыйлай албасак. Суйлосок асмандын башын суйлойбуз кырабыз,жойобуз деп, бирок бири-бирибизди шыбагандан башка эч нерсени билбейбиз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан